100-берене. Аткаруу жазуусун берүү мөөнөттөрү
10.11.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026
Жаңыртылды: 10.11.2026
II-БӨЛҮМ.›15-глава. Аткаруу жазууларын жүргүзүү
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 100-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.
1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка мөөнөттөр белгиленбесе, аткаруу жазуусу ал жазылган күндөн тартып үч айдын ичинде мажбурлап аткарууга берилиши мүмкүн.
2. Аткаруу жазуусун берүү үчүн өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.