100-5-берене. Нотариалдык буйрук берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартууга негиздер


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

II-БӨЛҮМ.›151-глава. Буйрук өндүрүшү

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 100-5-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.

1. Нотариалдык буйрук берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан нотариус баш тартат, эгерде:

1) ушул Мыйзамдын 1003 жана 1004-беренелеринде каралган талаптар сакталбаса;

2) билдирилген талап ушул Мыйзамдын 1002-беренесинде каралбаса;

3) билдирилген талапты тастыктоочу документтер берилбесе;

4) документтерден укук жөнүндө талаш-тартыштын бар экендиги билинсе;

5) мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, билдирилген талапка мамлекеттик алым төлөнбөсө.

2. Нотариус арыз келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат, ал сотто даттанылышы мүмкүн.

3. Нотариалдык буйрук берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуу өндүрүп алуучунун ошол эле талап боюнча доо өндүрүшү тартибинде сотко доо коюу мүмкүнчүлүгүнө тоскоолдук кылбайт.

4. Арызды кабыл алуудан баш тартканда мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте өндүрүп алуучу төлөгөн мамлекеттик алым кайтарып берилет, же болбосо сотко кайрылганда өндүрүп алуучунун арызы боюнча эсепке алынат.

(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)