100-10-берене. Нотариалдык буйрукту өндүрүп алуучуга берүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

II-БӨЛҮМ.›151-глава. Буйрук өндүрүшү

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 100-10-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.

1. Эгерде белгиленген мөөнөттө карызкордон нотариуска каршы пикирлер келип түшпөсө, нотариус өндүрүп алуучуга нотариустун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн нотариалдык буйрукту аткарууну талап кылуу үчүн берет. Өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча нотариалдык буйрук нотариус тарабынан сот аткаруучуга аткаруу үчүн өндүрүп алуучунун жазуу жүзүндөгү өтүнүчүн тиркөө менен жөнөтүлүшү мүмкүн.

2. Ушул Мыйзамдын 1002-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн талап боюнча нотариалдык буйрук өндүрүп алуучуга берилет, же болбосо анын өтүнүчү боюнча түздөн-түз ал чыгарылгандан кийин аткаруу үчүн нотариус тарабынан жөнөтүлөт.

3. Карызкордон мамлекеттин бюджетине мамлекеттик алымды өндүрүп алуу үчүн нотариус тарабынан гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн нотариалдык буйрук сот аткаруучуларга аткаруу үчүн жөнөтүлөт.

(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)