51-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жөнүндө


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.03.2023 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

VI бөлүм Корутунду жоболор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-статьясы, 17.03.2023 редакциясы.

1. Ушул Мыйзам жарык көргөн күндөн тартып колдонууга киргизилсин.

2. Ушул Мыйзам автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин жаратуу, ошондой эле пайдалануу боюнча ал күчүнө киргенден кийинки мамилелерге карата колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзам менен ылайык келтирилгенге чейин Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларынын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүктөрү колдонула берет.

4. Мурда автордук укук менен корголбогон чыгармаларга жана чектеш укуктардын объектилерине карата ушул Мыйзамдын күчү алар мыйзамдуу жарык көргөн күндөн тартып 50 жыл өткөнгө чейин калган же эгерде алар жарык көрө элек болсо алар жаралган күндөн тартып 50 жыл өткөнгө чейин калган мөөнөттө колдонулат.

5. Ушул Мыйзамдын 27-статьясында каралган авторлордун укугун коргоо мөөнөтү ушул Мыйзам жарык көргөнгө чейин автордук укуктун мөөнөтү бүтө элек чыгармаларга карата колдонулат.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам жарык көргөндөн тартып үч айлык мөөнөттө:

- мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тууралу сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик мекемелери тарабынан чыгарылган ченемдик актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

(КР 2014-жылдын 21-январындагы № 14 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев