5-статья. Автордук укуктун аракет чөйрөсү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.03.2023 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

II бөлүм Автордук укук

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясы, 17.03.2023 редакциясы.

1. Ушул Мыйзамга ылайык автордук укук төмөнкүлөргө жайылтылат:

Кыргыз Республикасынын аймагында жарыяланган же жарыяланбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында кандайдыр бир объективдүү түрдө орун алган чыгармаларга жана жарандыгына карабастан авторлордуку (алардын укук мураскерлериники) болуп таанылган чыгармаларга;

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жарыяланган же жарыяланбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары кандайдыр бир объективдүү түрдө орун алган жана Кыргыз Республикасынын жараны болгон авторлордуку (алардын укук мураскерлериники) болуп таанылган чыгармаларга;

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жарыяланган же жарыяланбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары кандайдыр бир объективдүү түрдө орун алган жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептеген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында башка мамлекеттердин жараны болгон авторлордуку (алардын укук мураскерлериники) деп таанылган чыгармаларга.

материалдык алып жүрүүчүсүнө, арналышына жана артыкчылыгына карабастан объективдүү формада берилген, жарыкка чыгарылган, ошондой эле жарыкка чыгарылбаган ЭЭМ үчүн ар кандай программаларга же маалыматтар базаларына.

2. Эгерде чыгарма Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта биринчи ирет жарыяланган күндөн тартып 30 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи жолу жарыяланса, ал Кыргыз Республикасында да жарыяланган деп эсептелет.

3. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык чыгармага Кыргыз Республикасынын аймагында коргоо берүүдө чыгарманын автору автордук укукка ээ болуу үчүн негиз болуп кызмат кылган юридикалык факт орун алган аймактагы мамлекеттин мыйзамы боюнча аныкталат.

(КР 2011-жылдын 27-июнундагы № 58, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)