47-статья. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдардын ишин көзөмөлдөө


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.03.2023 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

IV бөлүм Мүлктүк укуктарды жамааттык башкаруу

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-статьясы, 17.03.2023 редакциясы.

1. Мүлктүк укуктарды жамааттык башкаруучу уюм анын ишине көзөмөл жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөндөгү:

1) мындай уюмдун уставына же башка уюштуруучу документтерине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө;

2) мындай уюмдун ушуга окшош укуктарды башкаруучу чет өлкөлүк уюмдар менен түзүлүп жаткан эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдери жөнүндө;

3) жалпы чогулуштардын чечимдери жөнүндө;

4) суроо түшпөгөн сый акылар жана аудитордук текшерүүнүн натыйжалары тууралуу маалыматтар менен кошо жылдык баланс, жылдык отчет жөнүндө;

5) мындай уюмдун өкүлү боло турган адамдар жөнүндө маалыматтарды берип турууга тийиш.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул уюмдан анын ишинин ушул Мыйзамга, коомдук бирикмелер жөнүндөгү мыйзамдарга же башка мыйзамдарга, ошондой эле ушул уюмдун уставына шайкеш келишин текшерүү үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты талап кылууга укуктуу.

3. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдар түзүлгөнгө чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзамдын 44-статьясынын 3-бөлүгүнүн 1-6-пункттарында көрсөтүлгөн укуктардын категорияларын башкаруу боюнча ушул уюмдардын иш-милдеттерин жана милдеттерин аткарат. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдардын иш-милдеттерин жана милдеттерин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткаруу ушул бөлүккө ылайык жүргүзүлөт.

(КР 2014-жылдын 21-январындагы № 14, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)