33-1-статья. Мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн чыгармага карата мүлктүк укуктар


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.03.2023 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

II бөлүм Автордук укук

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-1-статьясы, 17.03.2023 редакциясы.

1. Мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн, мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктарды канааттандыруу үчүн багытталган чыгармага карата мүлктүк укуктар, эгерде келишимде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасына таандык болот.

2. Эгерде мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн чыгармага мүлктүк укуктар ушул статьянын 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасына таандык болбосо, анда укук ээси Кыргыз Республикасынын талабы боюнча чыгарманы мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктарды канааттандыруу үчүн пайдаланууга акысыз (өзгөчөлөнтүлбөгөн) лицензия көрсөтүүгө милдеттүү.

(КР 2017-жылдын 9-мартындагы № 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)