29-статья. Автордук укуктун мурас боюнча өтүшү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.03.2023 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

II бөлүм Автордук укук

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-статьясы, 17.03.2023 редакциясы.

Автордук укук мурас боюнча өтөт.

Автордун ушул Мыйзамдын 15-статьясында көрсөтүлгөн жекече мүлктүк эмес укуктары мурас боюнча өтпөйт. Автордун мураскерлери көрсөтүлгөн укуктарды сактоону иш жүзүнө ашырууга акылуу. Мураскерлердин ушул ыйгарым укуктары мөөнөт менен чектелбейт.

Автордун мураскерлери жок болгон учурда көрсөтүлгөн укуктарды коргоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иш жүзүнө ашырат.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)