26-статья. Чыгарманы автордун макулдугусуз автордук сый акы төлөө менен жекече максаттарда кайра чыгаруу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.03.2023 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

II бөлүм Автордук укук

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-статьясы, 17.03.2023 редакциясы.

1. Ушул Мыйзамдын 16, 37 жана 38-статьяларынын жоболорунан четтөө менен чыгарманын авторунун, аткаруучунун жана фонограммаларды өндүрүүчүнүн макулдугун албастан, бирок аларга сый акы төлөө менен аудиовизуалдык чыгарманы жана чыгарманын үн жазмасын өңчөй жекече максатта кайра чыгарууга жол берилет.

2. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кайра чыгаруу үчүн сый акы төлөө мындай кайра чыгаруу үчүн пайдаланылуучу жабдууну (аудио- жана көргөзмө магнитофондор, башка жабдуулар) жана материалдык каражаттарды (үн- жана (же) көргөзмө тасмаларды жана кассеталарды, лазердик дискаларды, компакт-дискаларды, башка материалдык алып жүрүүчүлөрдү) даярдоочулар же импортточулар тарабынан төлөнөт.

Жабдуулардын жана материалдык алып жүрүүчүлөрдүн тизмеги, ошондой эле тийиштүү каражаттарды чогултуунун өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Ушул сый акыны чогултуу жана бөлүштүрүү авторлордун, фонограммаларды даярдоочулардын жана аткаруучулардын мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкарган уюмдардын бири тарабынан ал уюмдардын ортосундагы келишимдерге ылайык (ушул Мыйзамдын 45-статьясы) жүзөгө ашырылат. Эгер ал келишимде башкача жагдайлар каралбаса, анда көрсөтүлгөн сый акы төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт: авторлорго - 40 пайыз, аткаруучуларга - 30 пайыз жана фонограммаларды даярдоочуларга - 30 пайыз төлөнөт.

3. Ушул статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн, экспорттун предмети болгон жабдууларга жана материалдардын алып жүрүүчүлөргө карата, ошондой эле үй шартында аткарууга арналбаган кесиптик жабдууларга карата сый акы төлөнбөйт.

(КР 2011-жылдын 27-июнундагы № 58, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)