99-берене. Бажы декларациясын берүүгө байланышкан бажы операциялары жана аларды жүргүзүү тартиби


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

III БӨЛҮМ. БАЖЫ ОПЕРАЦИЯЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮЧҮ ЖАКТАР›14-глава. Бажылык декларациялоо жана бажы декларациясын берүүгө, каттоого жана чакыртып алууга, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды өзгөртүүгө (толуктоого) байланышкан бажы операциялары

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 99-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

1. Товарларга бажы декларациясы бажы декларациясын кабыл алууга ыйгарым укуктуу бажы органына берилиши мүмкүн. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы мыйзамдарынын сакталышын контролдоонун натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл чара болуп саналган учурда гана товарлардын айрым категорияларын декларациялоо үчүн белгилүү бир бажы органдарын белгилөөгө укуктуу. Мында соода жана транспорт уюмдарынын кызыкчылыктары эске алынууга тийиш.

2. Эгерде товарлардын декларациясын толтурууга негиз болгон айрым документтерди товарлардын декларациясы менен бир убакта берүүгө мүмкүн болбосо, декларанттын жазуу жүзүндөгү жүйөлүү кайрылуусу боюнча бажы органдары мындай документтерди товарлар чыгарып берилгенден кийин, ушул Мыйзамдын 109-беренесинде белгиленген мөөнөттө берүүгө жазуу жүзүндө уруксат берет.