97-берене. Товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жалпы жоболор
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
III БӨЛҮМ. БАЖЫ ОПЕРАЦИЯЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮЧҮ ЖАКТАР›13-глава. Товарларды убактылуу сактоо жана товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 97-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
1. Товарларды убактылуу сактоо жана товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары Кодекстин 16-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Товарларды убактылуу сактоочу жерлер ушул Мыйзамдын 125-беренесине ылайык түзүлгөн бажы контролунун туруктуу жана убактылуу зонасы болуп саналат.
3. Товарларды чыгарып бергенге чейин аларды сактоочу жер өзгөргөн учурлар, товарларды башка жерде убактылуу сактоого уруксат берүү шарттары жана тартиби, анын ичинде бажы алымдарын, салыктарын төлөөнү камсыздоо талаптары, ошондой эле товарларды убактылуу сактоочу кампаларга жана товарларды убактылуу сактоочу башка жерлерге жайгаштырууда бажы органына документтерди жана маалыматтарды берүү тартиби, товарларды убактылуу сактоочу кампаларга (кампалардан) жана товарларды убактылуу сактоочу башка жерлерге (жерлерден) жайгаштыруунун (чыгаруунун) тартиби, анын ичинде транспорттун түрүнө жараша тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо жөнүндө Жобо (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)