93-берене. Товарлардын айрым категорияларына карата бажы операцияларын жүргүзүүнүн биринчи кезектеги тартиби
27.09.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
III БӨЛҮМ. БАЖЫ ОПЕРАЦИЯЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮЧҮ ЖАКТАР›11-глава. Бажы операциялары жана аларды жүргүзүүчү жактар жөнүндө жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 93-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
1. Кодекстин 81-беренесинде көрсөтүлгөн товарларга карата бажы операциялары биринчи кезекте жүргүзүлөт.
2. Бат бузула турган товарлардын категорияларынын тизмеги Комиссия тарабынан, ал эми Комиссия аныктаганга чейин - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)