86-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткаруу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›10-глава. Ички рынокту коргоо максатында колдонулуучу атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдар

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 86-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөчү, Кодекске ылайык атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча төлөөчү менен бирдей жоопкерчилик тартуучу жактар тарабынан аткарылат.

2. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет башка жактардын аткаруу мүмкүнчүлүгү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткаруу тартиби, ошондой эле уюм жоюлган, жеке ишкер ишин токтоткон, уюм кайра түзүлгөн учурда атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткаруунун өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда бажы органдары атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөчүгө, ошондой эле Кодекске ылайык атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча төлөөчү менен бирдей жоопкерчилик тартуучу жактарга ушул Мыйзамдын 54-беренесинде аныкталган тартипте жана мөөнөттө атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларынын белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүгү жөнүндө Кабарлама жөнөтөт.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кабарламанын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Бажы органы тарабынан ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кабарлама жөнөтүлбөй турган учурлар Кодекстин 73-беренесинин 4-пунктунда белгиленген.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөндөн башка, бажы органы тарабынан Кабарлама жөнөтүлбөй турган учурлар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)