84-берене. Ички рынокту коргоо максатында атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды колдонуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›10-глава. Ички рынокту коргоо максатында колдонулуучу атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдар
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 84-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
1. Ички рынокту коргоо максатында колдонулуучу атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды колдонуунун жалпы жоболору Кодекстин 12-главасында белгиленген.
2. Ички рынокту коргоо максатында колдонулуучу атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды эсептөө үчүн салык салуу объекти, базасы ушул Мыйзамдын 49-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык аныкталат.
3. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды төлөөчү болуп декларант же атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, атайын квоталарды киргизүү аркылуу ички рынокту коргоо чарасы колдонулган товарларга карата атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет келип чыккан башка жактар саналат.
4. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөө жана төлөө Кодексте жана Бирлик жөнүндө келишимде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, Кодексте ташып келүү бажы алымдарын эсептөө жана төлөө үчүн белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
5. (КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)