78-берене. Бажы төлөмдөрүн сот аркылуу өндүрүп алуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›9-глава. Бажы төлөмдөрүн жана башка акчалай каражаттарды кайра кайтаруу (эсепке чегерүү)

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 78-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

1. Белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн бажы төлөмдөрү бюджеттин алдындагы карыз болуп саналат.

2. Эгерде бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарууга жооптуу жак ушул Мыйзамдын 54-беренесинин 9-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө аны аткара албаса же болбосо ушул Мыйзамдын 166-беренесине ылайык даттануу мөөнөтү өткөн учурда бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу боюнча карыздын суммасын мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө ишти же болбосо жооптуу жакты "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банкрот катары жоюу талабы менен банкроттук жөнүндө арызды сотко өткөрүп берет.