49-берене. Бажы алымдары, салыктары салынуучу объект жана бажы алымдарын, салыктарды эсептөө үчүн база
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›6-глава. Бажы төлөмдөрү жөнүндө жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
1. Бажы алымдары, салыктары салынуучу объекттер болуп бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарлар, ошондой эле Кодексте каралган учурлардагы башка товарлар саналат.
2. Товардын түрүнө жана колдонулуучу ставкалардын түрлөрүнө жараша бажы алымдарын эсептөө үчүн база болуп, эгерде Кодексте башкача белгиленбесе, товарлардын бажы наркы жана (же) алардын натуралай көрүнүшүндөгү физикалык мүнөздөмөсү (саны, массасы, анын ичинде товардын алгачкы таңгакталышы - товарды колдонгонго чейин таңгагынан бөлүнбөстүгү жана (же) андагы товар чекене сатуу үчүн сунушталганы эске алынуу менен жана (же) товардын көлөмү же башка мүнөздөмөсү) саналат.
3. Салыктарды эсептөө үчүн база Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аныкталат.