Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›6-глава. Бажы төлөмдөрү жөнүндө жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

1. Бажы төлөмдөрүнө төмөнкүлөр кирет:

1) ташып келүүдөгү бажы алымы;

2) ташып чыгуудагы бажы алымы;

3) кошумча нарк салыгы;

4) акциздер (акциздик сапыктар);

5) бажы жыйымдары.

6) электрондук соода товарларына карата бажы алымы.

2. Жеке пайдалануу үчүн бажы аймагына ташып келинүүчү товарларга карата Кодекстин 37-главасына ылайык бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктар же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктар төлөнүүгө тийиш.

3. Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата электрондук соода товарларына карата бажы алымы жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында бул каралган учурда - салыктар төлөнүүгө тийиш.

Электрондук соода товарларына карата бажы алымы Кодекстин 43-1-главасына ылайык төлөнүүгө тийиш.

(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)