246-берене. Жалпы өткөөл жоболор
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
IX БӨЛҮМ. ӨТКӨӨЛ ЖОБОЛОР. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР›44-глава. Өткөөл жоболор.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 246-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
1. Ушул Мыйзам Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда жөнгө салынуучу жана ал күчүнө кирген күндөн тартып келип чыккан мамилелерге карата колдонулат.
2. Өткөөл жоболорду колдонуу ушул бөлүмдө белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодекстин IX бөлүмүнө ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Эгерде Кодекске ылайык кабыл алынуучу бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар Кодекс күчүнө кирген учурга карата күчүнө кире элек болсо, алар күчүнө киргенге чейин, эгерде Кодекстин 444-беренесинде башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын тиешелүү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдары колдонулат.