232-берене. Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүү шарттары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

VIII БӨЛҮМ. БАЖЫ ИШИ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ИШ. ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭКОНОМИКАЛЫК ОПЕРАТОР›42-глава. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 232-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

Бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жакты алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүү шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) алымсыз соода дүкөнү катары пайдаланууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген курулмалардын жана (же) орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрү) менчикте, чарбалык карамакта, оперативдик башкарууда же ижарада болушу. Эгерде курулмалар жана (же) орун-жайлар (орун-жайлардын бөлүктөрү) алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата ижарада болсо, мындай курулмаларга жана (же) орун-жайларга (орун-жайлардын бөлүктөрү) карата ижара келишими алты айдан кем эмес мөөнөткө түзүлүшү керек;

2) эгерде аларды алууга милдеттүүлүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралса, каттоо же чекене соодага уруксат документтеринин болушу;

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, алымсыз соода дүкөнү катары ишти жүзөгө ашыруу мүмкүндүгү жөнүндө документтердин болушу;

4) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча аткарылбаган милдеттердин болбошу;

5) бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын 10000 (он миң) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө камсыздоо;

6) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген, бажы контролундагы товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык системаларынын болушу;

7) арыз берген күнгө карата бир жылдын ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган жана (же) бузуу жана (же) кылмыш жасагандыгы үчүн жазыктык жоопкерчиликке тартылган фактылардын болбошу;

8) бажы органдарынын талаптары боюнча отчеттуулуктарды берүү тууралуу милдеттенме;

9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка талаптарга ылайык келиши жана башка шарттардын сакталышы.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)