228-берене. Эркин кампалардын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

VIII БӨЛҮМ. БАЖЫ ИШИ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ИШ. ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭКОНОМИКАЛЫК ОПЕРАТОР›41-глава. Эркин кампанын ээси

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 228-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

Эркин кампанын ээсин эркин кампалардын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

1) эркин кампанын ээси тарабынан Кодекстин 424-беренесинин экинчи-тогузунчу абзацтарында каралган милдеттердин аткарылбашы;

2) эркин кампанын ээсинин аны эркин кампалардын ээлеринин реестринен чыгаруу жөнүндө арызы;

3) эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизилген юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлушу;

4) эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизилген юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра уюштурулушу;

5) эркин кампанын ээси катары анын ишин токтотуп туруу жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон себептердин мындай токтотуп туруунун мөөнөтү аяктаган датага карата четтетилбеши;

6) бул ишти токтотуп туруу мезгилинде эркин кампанын ээси катары ишкердик ишти жүзөгө ашыруу;

7) белгиленген тартипте күчүнө кирген соттун чечими;

8) эркин кампанын ээси тарабынан Кодекстин 424-беренесинде жана ушул Мыйзамдын 229-беренесинде каралган милдеттердин сакталбашы;

9) эркин кампанын ээси тарабынан бажы иши чөйрөсүндө бир жылдын ичинде үч же андан көп бузуулардын жасалышы.