218-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
VIII БӨЛҮМ. БАЖЫ ИШИ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ИШ. ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭКОНОМИКАЛЫК ОПЕРАТОР›39-глава. Убактылуу сактоо кампасынын ээси
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 218-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
Убактылуу сактоо кампасынын ээсин убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кодекстин 413-беренесинин 1-пунктунун 1-4-пунктчаларында каралган негиздер;
2) убактылуу сактоо кампасынын ээсинин бир жылдын ичинде бажы иши чөйрөсүндө үч же андан көп укук бузуусу;
3) соттун чечими;
4) кампа ээсин төлөөгө кудуретсиз (банкрот) деп таануу же ал өзүнүн банкроттугун жарыялоосу;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка негиздер.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)