205-берене. Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактардын жоопкерчилиги
27.09.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
VIII БӨЛҮМ. БАЖЫ ИШИ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ИШ. ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭКОНОМИКАЛЫК ОПЕРАТОР›36-глава. Бажы иши чөйрөсүндөгү иш жөнүндө жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 205-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жана актылардын, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактабагандыгы үчүн бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү юридикалык жактар, алардын жетекчилери жана кызматкерлери ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында же Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)