195-берене. Бажы экспертизасын дайындоо жана жүргүзүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
VII БӨЛҮМ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫ›35-глава. Бажы органдары дайындоочу бажы экспертизасы
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 195-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
1. Бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жүргүзүүдө жана (же) бажы контролун жүргүзүүдө келип чыккан маселелерди чечүү үчүн атайын жана (же) илимий билим талап кылынган учурларда бажы органдары бажы экспертизасын дайындайт.
2. Бажы экспертизасын ыйгарым укуктуу бажы органы же башка ыйгарым укуктуу эксперттик уюм жүргүзөт.
3. Бажы экспертизасын дайындоо жана бажы экспертизасын жүргүзүү, аны жүргүзүүнүн мөөнөтү жана тартиби ушул главанын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кодекстин 53-главасына ылайык ишке ашырылат.
4. Бажы экспертизасын дайындоо жөнүндө бажы органынын чечими бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипке ылайык жол-жоболонот.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
Бажылык экспертиза дайындоо, бажылык экспертиза жүргүзүүдө сынамдарды жана үлгүлөрдү тандоо Тартиби (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)
5. Бажы экспертизасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон товарлардын сынамыктары жана (же) үлгүлөрү аларды изилдөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла турган минималдык санда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте алынат.
6. Бажы экспертизасы аяктагандан кийин аны жүргүзүүдө чыгымдалбаган товарлардын сынамыктары жана (же) үлгүлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай товарлардын сынамыктарын жана үлгүлөрүн көмүүгө, жок кылууга жана утилдештирүүгө тийиш болгон учурларды кошпогондо, бажы экспертизасын дайындаган бажы органдары тарабынан декларантка же товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жакка, ал эми эл аралык почта жөнөтмөлөрүндө ташылган товарлардын сынамыктарын жана (же) үлгүлөрүн тандоодо - почталык байланыштын дайындалган операторуна кайра кайтарылып берилет.
7. Бажы, транспорттук (ташуучулук), коммерциялык жана башка документтерге, идентификациялоо каражаттарына карата бажы экспертизасын жүргүзүү үчүн бажы органдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте мындай документтерди жана идентификациялоо каражаттарын алып коёт. Бажы, транспорттук (ташуучулук), коммерциялык жана башка документтерди, идентификациялоо каражаттарын алып коюуда документтерди, идентификациялоо каражаттарын алып коюу жөнүндө акт түзүлөт, анын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.