191-берене. Интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктарды коргоо боюнча Бажы органдары тарабынан көрүлүүчү чаралар жөнүндө жалпы жоболор
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
VII БӨЛҮМ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫ›34-глава. Интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктарды коргоо боюнча бажы органдары тарабынан көрүлүүчү чаралар
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 191-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
1. Бажы органдары Кодекстин 52-главасына жана ушул главага ылайык, Кодекстин 124-беренесинде жана ушул Мыйзамдын 107-беренесинде каралган интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктарды коргоо боюнча чараларды көрөт.
2. Интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктарды коргоо боюнча чаралар укук ээсинин арызы боюнча, интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизилген автордук укук жана чектеш укуктардын объекттерин, товардык белгилерин, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдү жана товарлар чыккан жерлердин аталыштарын камтуучу товарларга карата көрүлөт.
(КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)