19-берене. Бажы органдарына отчёттуулукту берүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›2-глава. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү, аларга бажы аймагында же анын чегинен тышкары ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана (же) тескөө жөнүндө жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

1. Бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактар, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жана эркин кампанын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк товарларга, ошондой эле Бирликтин товарларына ээлик кылуучу жана (же) аларды пайдалануучу жактар сактоодо турган, ташылуучу, сатылуучу, кайра иштетилүүчү жана (же) пайдаланылуучу товарлар жөнүндө, ошондой эле жүргүзүлгөн бажы операциялары жөнүндө отчёттуулукту бажы органдарынын талабы боюнча гана берүүгө милдеттүү.

2. Отчёттуулукту берүү ыкмасы, отчёттордун формасы, аларды толтуруу тартиби, ошондой эле отчёттуулукту берүүнүн тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)