180-берене. Мүчө-мамлекеттердин бажы органдарынын ортосунда үзгүлтүксүз негизде маалымат алмашуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

VII БӨЛҮМ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫ›31-глава. Бажы органдарынын маалыматтык жана башка өз ара аракеттенүүсү

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 180-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

1. Мүчө-мамлекеттердин бажы органдары үзгүлтүксүз негизде Кодекстин 52-беренесинин 4-пунктунда жана 277-беренесинин 4-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн бажы документтериндеги, товарларга декларациялардагы маалыматтар менен, товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдер менен, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырды (мамлекеттик жашыруун сырды) түзгөн маалыматтарга тиешеси жок жана бажы органдарынын маалыматтык ресурстарында камтылган бажы документтериндеги маалыматтарды өзгөрткөн (толуктаган) маалыматтар менен үзгүлтүксүз негизде өз ара алмашып турат.

Үзгүлтүксүз негизде алмашуу үчүн маалыматтар Кодекстин 2-тиркемесиндеги тизмек боюнча аныкталат.

2. Үзгүлтүксүз негизде маалыматтарды алмашуу электрондук формада техникалык шарттамаларга ылайык жүзөгө ашырылат, бул шарттамаларда мындай маалымат алмашууну жүзөгө ашыруучу бажы органдары, алмашуу үчүн маалыматтын форматы жана структурасы, мындай алмашуунун регламенти, мөөнөттөрү жана ыкмалары аныкталат.

Электрондук формада үзгүлтүксүз негизде маалымат алмашуунун техникалык шарттамалары мүчө-мамлекеттердин бажы органдары тарабынан аныкталат.