177-берене. Маалыматташтырууга жана маалыматтык процесстерге катышуучу жактардын укуктарын жана маалыматын коргоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
VII БӨЛҮМ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫ›30-глава. Бажы органдары тарабынан пайдаланылуучу маалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 177-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
1. Бажы органдары тарабынан колдонулган маалыматтык системалардагы маалыматты коргоо, маалыматтарды коргоо каражаттарын колдонуу жана бажы органдары тарабынан колдонулган маалыматтык ресурстардагы жана маалыматтык системалардагы маалыматтарды коргоонун деңгээлин баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Бажы органдары тарабынан колдонулуучу маалыматтык системаларга Кодекске жана ушул Мыйзамга ылайык маалыматтарды берүүчү жактардын укугун коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Маалыматты коргоо каражаты менен камсыздалган маалыматты коргоонун деңгээли маалыматтын категориясына ылайык келүүгө тийиш. Маалыматты коргоо деңгээлинин белгилүү бир категорияга шайкеш келишин маалыматтык ресурстар карамагында болгон бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыз кылат.
3. Маалыматты коргоого жана маалыматты коргоо каражаттарын иштетүүгө карата талаптардын сакталышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдонот.