17-берене. Соттун чечими менен конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн же өндүрүп алуу багытталган чет өлкөлүк товарлар


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›2-глава. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү, аларга бажы аймагында же анын чегинен тышкары ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана (же) тескөө жөнүндө жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

1. Соттун чечими менен конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн чет өлкөлүк товарлар бажы жол-жобосуна жайгаштырылууга, ал эми өздүк пайдалануу үчүн товарлар - эркин жүгүртүүгө чыгарылууга жатпайт. Көрсөтүлгөн товарлар ушундай чечим күчүнө кирген күндөн тартып Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) товарлары статусуна ээ болот.

2. Соттун чечими менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине өндүрүп алуу багытталган чет өлкөлүк товарлар тиешелүү бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине акча каражаттары чегерилген учурдан тартып Бирликтин товарлары статусуна ээ болот, бажы жол-жоболоруна жайгаштырылууга жатпайт.

3. Соттун чечими менен конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн жана (же) соттун чечими менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине өндүрүп алуу багытталган чет өлкөлүк товарларды сатуу, пайдалануу же жок кылуу, аларды ташуу (транспорттоо), кайра жүктөө (жүктөө, түшүрүү), сактоо боюнча чыгымдарды, мындай товарларды сатууга даярдоо жана сатуу менен байланышкан башка чыгымдарды эсептөө, ошондой эле мындай чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

Соттун чечими менен бажы төлөмдөрүн, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине өндүрүп алуу багытталган чет өлкөлүк товарларды сатуудан түшкөн суммаларды тескөө Кодекстин 383-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз:

Конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн же өндүрүп алынган чет өлкөлүк товарларды, ошондой эле бажы органдары тарабынан кармалган товарларды сатуу же жок кылуу Тартиби (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)