159-берене. Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан кызматтык иттерди колдонуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

VII БӨЛҮМ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫ›28-глава. Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуу

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 159-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

1. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын айрым категориялары баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын прекурсорлорун жана аналогдорун, жарылуучу заттарды, куралдарды, ок-дарыларды жана өзүнө таандык жыты бар башка товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү издөө, айкындоо жана бөгөттөө, анын ичинде тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө кызматтык иттерди колдонууга укуктуу.

2. Кызматтык иттерди жеке жактардын жашоосуна, ден соолугуна, ар-намысына жана кадыр-баркына коркунуч жараткан учурларда, кызматтык иттин арналышына тиешеси болбогон аракеттерди аткаруу үчүн, ошондой эле анын иштөө жөндөмдүүлүгүнө, жашоосуна же болбосо саламаттыгына зыян келтирүүгө түрткү берүүчү шарттарда колдонууга тыюу салынат.

3. Бажы органдарынын кызматтык иттерди пайдалануу укугу берилген кызмат адамдарынын категориялары, кызматтык иттерди пайдалануунун, аларды үйрөтүүнүн жана кармоонун тартибин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.