157-берене. Транспорттук каражаттарын токтотуу боюнча жана товарлар чыгарылгандан кийин бажы контролу зонасынан чыгып кеткен транспорттук каражаттарды кармоо (кайра кайтаруу) боюнча бажы органдарынын укуктары
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
VII БӨЛҮМ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫ›27-глава. Бажы иши жаатындагы маалымдоо жана кеңеш берүү
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 157-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
Бажы органдары транспорттук каражаттарды токтотууга, ошондой эле бажы органынын уруксатысыз, анын ичинде тандап алынган бажы жол-жобосуна ылайык товарлар чыгарып берилгенден кийин бажы контролу зонасынан чыгып кеткен транспорттук каражаттарды мажбурлап кайра кайтарууга укуктуу.
Бажы контролунан сырткары зоналарда транспорттук каражаттарды токтоткон учурда бажы контролун жүргүзүү убактысы, товарларды жана транспорттук каражаттарды бажылык текшерип кароочу жерге жеткирүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу тастыкталганга жумшалган убакытты эсепке албаганда, мындай токтотуу учурунан тартып эки сааттан ашпоого тийиш.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)