155-берене. Бажы органдарынын консультация берүүсү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

VII БӨЛҮМ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫ›27-глава. Бажы иши жаатындагы маалымдоо жана кеңеш берүү

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 155-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

1. Бажы органдары бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды колдонуу маселелери, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана бажы органдарынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча жактарга ооз эки жана жазуу жүзүндө акысыз негизде консультация берет.

2. Консультация берүүдө бажы органдарынын кызмат адамдары Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга жана ушул Мыйзамга ылайык, бажы органдарына берилүүгө тийиш болгон бажы декларацияларын жана башка документтерди бажы органынын атынан текшербейт, ошондой эле мындай бажы декларацияларын жана документтерин түзбөйт.

Көрсөтүлгөн документтерди толтуруу маселелери боюнча консультация берүү мындай документтерди жана жак берген маалыматтарды текшербестен жүзөгө ашырылат.

3. Консультация берүүнүн жүрүшүндө жактарга берилген маалыматтар товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы органынын же анын кызмат адамынын чечим кабыл алуусу же аракет жасоосу (аракетсиздиги) үчүн негиз боло албайт.

4. Бажы органдарынын консультация берүү тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз:

Бажы ишинин маселелери жана бажы органдарынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча консультация берүү Тартиби (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)