144-берене. Бажы органдарынын жумуш убактысы
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
VII БӨЛҮМ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫ›26-глава. Бажы органдары жөнүндө жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 144-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
1. Бажы органдарынын жумуш убактысын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.
2. Жайгашкан жери боюнча чектеш мамлекеттердин өткөрмө пункттары менен жанаша турган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарындагы Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жумуш убактысы ушул чектеш мамлекеттердин бажы органдарынын жумуш убактысына, мүмкүнчүлүккө жараша, туура келиши керек.
3. Кызыкдар жактын жүйөлөнгөн суроо-талабы боюнча жана зарыл шарттар бар болгондо, айрым бажы операциялары бажы органдарынын жумуш убактысынан сырткары аткарылышы мүмкүн.