141-берене. Бажы органдарынын функциялары жана милдеттери


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

VII БӨЛҮМ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫ›26-глава. Бажы органдары жөнүндө жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 141-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

1. Бажы органдары Кодексте жана ушул Мыйзамда белгиленген милдеттерди жана функцияларды аткарууну, ошондой эле укуктарды жана милдеттерди ишке ашырууну камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бажы органдарына Кодексте жана ушул Мыйзамда белгиленбеген башка милдеттер жана функциялар, ошондой эле укуктар жана милдеттер жүктөлүшү мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин жогорку органдарынан тышкары эч кандай мамлекеттик органдардын мамлекеттик башка милдеттерди жана функцияларды бажы органдарына жүктөөсүнө жол берилбейт.

Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин жогорку органдарынан тышкары, эч кандай мамлекеттик орган бажы органдарынын компетенциясын козгоочу чечимдерди кабыл алууга, тийиштүү уруксатсыз алардын функцияларын аткарууга, же башка түрдө бажы органдарынын ишине кийлигишүүгө укуксуз.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)