138-берене. Бажылык текшерүүнү жүргүзүүдө бажы органынын кызмат адамдарынын жана текшерилүүчү жактын укуктары жана милдеттери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
VI БӨЛҮМ. БАЖЫ КОНТРОЛУН ЖҮРГҮЗҮҮ›24-глава. Бажы контролунун формалары жана аларды колдонуу
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 138-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
1. Бажы органынын кызмат адамдарынын бажылык текшерүүнү жүргүзүүдөгү укуктары жана милдеттери Кодекстин 335-беренесинде белгиленген.
2. Бажы органынын кызмат адамдары бажылык текшерүүнү жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган учурларда жана тартипте инвентаризация жүргүзө алат же текшерилүүчү жактан товарларга инвентаризация жүргүзүүнү талап кыла алат.
3. Бажылык текшерүүнү жүргүзүүдө бажы органынын кызмат адамдарынын Кодекстин 335-беренесинде каралгандан башка укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн.
4. Бажылык текшерүүнү жүргүзүүдө текшерилүүчү жактын укуктары жана милдеттери Кодекстин 336-беренесинде белгиленген.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)