119-берене. Жактардын айрым категориялары тарабынан товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
V БӨЛҮМ. ТОВАРЛАРДЫН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫН БИРЛИКТИН БАЖЫ ЧЕК АРАСЫ АРКЫЛУУ ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИНИН ЖАНА ШАРТТАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ›21-глава. Бажы чек арасы аркылуу жактардын айрым категориялары тарабынан товарларды, дипломатиялык почтаны жана консулдук вализаны өткөрүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 119-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
1. Мүчө-мамлекеттердин үчүнчү тарап менен эл аралык келишимдерине, мүчө-мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдерге ылайык артыкчылыктарды жана (же) иммунитеттерди пайдаланган дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер, мамлекеттердин эл аралык уюмдардын алдындагы өкүлчүлүктөрү, эл аралык уюмдар же алардын өкүлчүлүктөрү жана бажы аймагында жайгашкан башка уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрү тарабынан расмий пайдаланууга арналган товарларды, ошондой эле мүчө-мамлекеттердин үчүнчү тарап менен эл аралык келишимдерине жана мүчө-мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдерге ылайык артыкчылыктарды жана (же) иммунитеттерди пайдаланган жеке жактардын айрым категориялары тарабынан өздүк пайдалануу үчүн товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүү Кодекстин 42-главасында белгиленген тартипте жана шарттарда, ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк жактар үчүн бажы аймагына товарларды ташып келүүнүн жана бажы аймагынан ташып чыгуунун Кодекстин 42-главасында белгиленген эрежелерге караганда жеңилдетилген эрежелери каралса, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин эрежелери колдонулат.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар тарабынан өткөрүлүүчү товарлар өкүлчүлүктүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жана өкүлчүлүктүн башчысы же ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлган, эки нускада, эркин түрдө түзүлгөн жазуу жүзүндөгү арызды (мындан ары - арыз) бажы органына берүү жолу менен бажылык декларациялоодон өткөрүлөт, арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
1) бажы органынын аталышы;
2) бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товардын транспорттук документинин номери жана датасы;
3) товар жөнүндө кыскача маалымат.
4. Арыз менен бирге транспорттук (ташуучулук) документтер берилет.
5. Өкүлчүлүктүн расмий колдонуусуна арналган товарларды жөнөткөн (алган) жак өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти, ошондой эле жактын статусун ырастоочу документти же өкүлчүлүктүн мөөрү басылган жана өкүлчүлүктүн башчысы же өкүлчүлүктүн ыйгарым укук берилген кызмат адамы тарабынан кол коюлган ишеним катты (жылдык же бир жолку) бажы органына берет.