113-берене. Эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын, запастык бөлүктөрүн, жабдууларын жана камдыктарын бажы аймагына ташып келүү жана бажы аймагынан ташып чыгуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
V БӨЛҮМ. ТОВАРЛАРДЫН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫН БИРЛИКТИН БАЖЫ ЧЕК АРАСЫ АРКЫЛУУ ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИНИН ЖАНА ШАРТТАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ›18-глава. Эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын жана камдыктарды Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 113-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
1. Эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын, запастык бөлүктөрүн, жабдууларын жана камдыктарын бажы аймагына ташып келүү жана бажы аймагынан ташып чыгуу ушул беренеде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодекстин 38 жана 39-главаларына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Аба жана темир жол транспортуна карата бажы операцияларын жүргүзүү үчүн бажы аймагына келүүчү жерлерде жана бажы аймагынан кетүүчү жерлерде эл аралык ташуунун транспорт каражаттарынын токтоп турушунун узактыгы, эгерде ташуучу тарабынан Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар аткарылса, ушул типтеги аба кемесин тейлөөнүн технологиялык графигинде же темир жол станциясынын ишинин технологиялык процессинде белгиленген убакыттан ашпашы керек.
3. Эл аралык ташуунун убактылуу алып келинген темир жол транспорттук каражатынын жана (же) темир жол транспорттук каражаттарында ташылуучу контейнерлердин, анын ичинде ички ташуулар үчүн пайдаланылуучу контейнерлердин турган орду жөнүндө маалыматтарды бажы органына берүүнүн тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан темир жол ташуучусу менен биргеликте белгиленет.
4. Эл аралык ташуунун транспорттук каражатынан алмаштыруу үчүн чыгарып салынган запастык бөлүктөр жана жабдуулар, алар чыгарып салынган эл аралык ташуунун транспорттук каражаты менен кошо бажы аймагына ташып келиниши жана бажы аймагынан ташып чыгылышы мүмкүн. Мындай запастык бөлүктөр жана жабдуулар жөнүндө, ошондой эле жүргүзүлгөн оңдоолор жөнүндө маалыматтар эл аралык ташуунун транспорттук каражатынын бажы декларациясында көрсөтүлөт.
5. Транспорттук каражатты оңдоого, техникалык тейлөөгө жана иштетүүгө арналган запастык бөлүктөргө жана жабдууларга карата убактылуу ташып келүүнүн (жеткиликтүү кылуунун) жана ташып чыгуунун бажы жол-жоболору транспорттук каражаттан чыгарып салынган запастык бөлүктөрдү жана жабдууларды алмаштыруунун натыйжасында же болбосо мурда убактылуу ташып келүү (жеткиликтүү кылуу) жана ташып чыгуу бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган запастык бөлүктөрдү жана жабдууларды бажы аймагына ташып келүү же бажы аймагынан ташып чыгуу менен, же болбосо аталган товарларды бажы аймагынан ташып чыгуу же бажы аймагына ташып келүү каралбаган башка бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен аяктайт.