112-8-берене. Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата бажы төлөмдөрүн колдонуу жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
V БӨЛҮМ. ТОВАРЛАРДЫН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫН БИРЛИКТИН БАЖЫ ЧЕК АРАСЫ АРКЫЛУУ ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИНИН ЖАНА ШАРТТАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ›17-глава. Өздүк пайдалануу үчүн товарларды Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 112-8-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
1. Электрондук соода товарларына карата бажы алымы салынуучу объект болуп жеке жактар сатып алган электрондук соода товарлары саналат.
2. Электрондук соода товарларына карата бажы алымын эсептөө максаттары үчүн Бирликтин бажы аймагына ташылып келүүчү, жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын категорияларына жана колдонулуучу ставкалардын түрлөрүнө жараша аны эсептөө үчүн база болуп мындай товарлардын наркы жана (же) алардын натуралай түрдөгү физикалык мүнөздөмөсү (товардан аны керектөөгө чейин ажырагыс болгон жана (же) товар чекене сатуу үчүн берилген товардын баштапкы таңгагын эске алуу менен товардын саны, салмагы, товардын көлөмү же башка мүнөздөмөлөрү) эсептелет.
Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркы Кодекстин 309-10-беренесине ылайык аныкталат.
3. Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата бажы төлөмдөрүн колдонуунун жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруунун өзгөчөлүктөрү Кодекстин 309-8-беренесинде белгиленет.
4. Комиссия тарабынан нарктык, салмактык жана (же) сандык ченемдер аныкталышы мүмкүн, алардын чегинде жеке жактар сатып алган электрондук соода товарлары Бирликтин бажы аймагына электрондук соода товарларына карата бажы алымдарын төлөбөстөн, ал эми Комиссия аныктаган учурларда - Комиссия тарабынан аныкталган ченемге караганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү кыйла катуу ченемдердин чегинде ташып келинет.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан башкача белгиленбесе, Бирликтин бажы аймагынан мындай товарларды алуучу болуп саналган чет өлкөлүк жеке жактардын дарегине ташып чыгарылуучу электрондук соода товарлары Бирликтин бажы аймагынан бажы алымдарын төлөбөстөн ташып чыгарылат.
6. Электрондук соода товарларына карата бажы алымдарын төлөө боюнча милдет төлөөчү тарабынан жана ушул Мыйзамдын 54-беренесинде көрсөтүлгөн жактар тарабынан аткарылат.
7. Бажы органы Кодекстин 309-8-беренесинин 20-пунктунда көрсөтүлгөн билдирүүнү Кодекстин 309-8-беренесинин 21-пунктунда белгиленген учурларда жибербейт.
(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)