110-берене. Бажы жол-жоболорун колдонуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

IV БӨЛҮМ. БАЖЫ ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ›16-глава. Бажы жол-жоболору жөнүндө жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

1. Товарлардын бажы аймагында турушунун жана пайдаланышынын, аларды бажы аймагынан ташып чыгуунун жана (же) алардын бажы аймагынан тышкары турушунун жана пайдаланышынын максаттарына жараша товарларга карата төмөнкүдөй бажы жол-жоболору колдонулат:

1) ички керектөө үчүн чыгарып берүү;

2) экспорт;

3) бажы транзити;

4) бажы кампасы;

5) бажы аймагында кайра иштетүү;

6) бажы аймагынан сырткары кайра иштетүү;

7) ички керектөө үчүн кайра иштетүү;

8) эркин бажы зонасы;

9) эркин кампа;

10) убактылуу ташып келүү (киргизүү);

11) убактылуу ташып чыгуу;

12) реимпорт;

13) реэкспорт;

14) алымсыз соода;

15) жок кылуу;

16) мамлекеттин пайдасына баш тартуу;

17) атайын бажылык жол-жобо.

2. Бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлар башка бажы жол-жоболоруна же болбосо Кодекстин 127-беренесинде белгиленген максаттар үчүн ушундай эле бажы жол-жобосуна жайгаштырылышы мүмкүн.

3. Бажы жол-жоболорунун мазмуну жана бажы жол-жоболорун колдонуу тартибин жөнгө салуучу жоболор, анын ичинде товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруу шарттары, товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыргандан кийин мындай бажы жол-жоболоруна ылайык, аларды пайдалануу шарттары жана тартиби, бажы жол-жоболорун колдонууну аяктоо, токтотуу, токтотуп туруу жана кайра жаңылоо тартиби, ошондой эле бажы алымдарын, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин келип чыгуу жана токтотулуу жагдайлары, аларды бажы жол-жобосуна жайгаштырыла турган (жайгаштырылган) товарларга же болбосо бажы жол-жобосун колдонуунун алкагында алынган (түзүлгөн), даярдалган (алынган) товарларга карата эсептөө жана төлөө мөөнөтү жана (же) өзгөчөлүктөрү Кодекстин IV бөлүмүндө, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда, ал эми Кодексте каралган учурларда - Комиссия жана (же) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

4. (КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Караңыз:

Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча Нускама (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)