106-берене. Укук бузуу же кылмыш аныкталган учурда товарларды чыгаруунун өзгөчөлүктөрү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

III БӨЛҮМ. БАЖЫ ОПЕРАЦИЯЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮЧҮ ЖАКТАР›15-глава. Товарларды чыгарып берүү жана товарларды чыгарып берүүгө байланышкан бажы операциялары

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 106-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

Укук бузуу же кылмыш аныкталган учурда укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш аяктаганга чейин же кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүш аяктаганга чейин товарларды чыгаруу укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн же кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүштүн жүрүшүндө мындай товарлар алып коюлбаган же аларга камак салынбаган шартта бажы органы тарабынан жүргүзүлөт.

(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)