102-берене. Товарларды чыгарып берүү жөнүндө жана товарларды чыгарып берүүгө жана аны жокко чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартиби тууралуу жалпы жоболор
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
III БӨЛҮМ. БАЖЫ ОПЕРАЦИЯЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮЧҮ ЖАКТАР›15-глава. Товарларды чыгарып берүү жана товарларды чыгарып берүүгө байланышкан бажы операциялары
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 102-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
1. Товарларды чыгарып берүү Кодекстин 18-главасына ылайык бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети товарларды ташып келинген жеринен чыгарып берүүгө байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн белгилеши мүмкүн.
3. Комиссия тарабынан каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети товарларды чыгарып берүү декларанттын жүйөлөнгөн кайрылуусу боюнча бажы органы тарабынан жокко чыгарыла турган учурларды жана шарттарды, ошондой эле товарларды чыгарып берүүнү жокко чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартибин аныктайт.
4. Декларанттын кайрылуусу боюнча бажы органы тарабынан коммерциялык, транспорттук (ташуучулук) документтерге товарларды чыгарып берүү жөнүндө белгилер же болбосо товарларды чыгарып берүү жөнүндө белги коюлган коммерциялык, транспорттук (ташуучулук) документтерге товарларды чыгарылышын жокко чыгаруу жөнүндө белгилер коюлушу мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)