4-2-берене. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

2-глава. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-2-беренеси, 17.07.2026 редакциясы.

1. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматы (персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматчыларынын потенциалын калыптандыруу, кесиптик өнүктүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында түзүлөт.

2. Персоналды башкаруу кызматы жөнүндө типтүү жобо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Персоналды башкаруу кызматынын аталышы, түзүмү жана штаттык саны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.

(КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамынын редакциясына ылайык)