4-1-берене. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

2-глава. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-1-беренеси, 17.07.2026 редакциясы.

1. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу максатында Президент тарабынан мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) түзүлөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу жетекчи башкарат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин жана башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына катышууга укуктуу.

(КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамынын редакциясына ылайык)