16-берене. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн тартиби


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

4-глава. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөө тартиби

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренеси, 17.07.2026 редакциясы.

1. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү кадрлар резервинен бош кызмат ордуна талапкерди дайындоо жолу менен жүзөгө ашырылат.

"Акылман" президенттик лицейинин, Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык диплому менен аяктаган бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен кадрлар резервинде турган талапкерлер мамлекеттик жарандык кызматтын же муниципалдык кызматтын кенже, улук жана башкы кызмат орундарына артыкчылыктуу тартипте дайындалат, бул учурда квалификациялык талаптар ушул Мыйзамдын 7-беренесине ылайык, ушул бөлүктө көрсөтүлгөн бардык адамдар үчүн бирдей сакталып калат.

Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси майыптыгы бар, ушул Мыйзамда каралган квалификациялык талаптарга жооп берүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын кадрлар резервинен бош кызмат орунга дайындоо жолу менен майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу үчүн квота берүү ченемдерин аткарууга милдеттүү.

Кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкерлерди тандоо тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

2. Ушул Мыйзамда аныкталган тартипте ротация иретинде бош кызмат ордун ээлөөгө жол берилет.

3. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси бош кызмат орунга кадрлар резервинде турган адамды же болбосо мамлекеттик жарандык кызматчыны, муниципалдык кызматчыны ал мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык болгондо, ошондой эле бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен ротациялоо тартибинде дайындоого укуктуу.

4. Кызматка биринчи жолу кирген кызматчынын кесиптик сапаттарын текшерүү үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси ээлеген кызмат орду боюнча эмгек акы төлөө менен, аны кызмат ордуна милдеттүү тартипте 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындайт. Сыноо мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгили жана кызматчы жөндүү себептер боюнча жумушта болбогон башка мезгил киргизилбейт.

Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызматчы менен маектешүү өткөрөт, анын негизинде кызматчынын ээлеген кызмат ордуна шайкештиги жөнүндө чечим кабыл алынат. Эгер маектешүүнүн жыйынтыгы канааттандырарлык эмес деп таанылса, анда кызматчы ээлеген кызмат ордунан бошотулат.

5. Сыноо мөөнөтүн өтүү мезгилинде кызмат ордун ээлеген кызматчыга ушул Мыйзамдын колдонулушу жайылтылат.

6. Сыноо мөөнөтүн өтүүнүн тартибин, маектешүү өткөрүүнүн жана сыноо мөөнөтүн аяктаган кызматчынын ээлеген кызмат ордуна ылайыктыгы же ылайык эместиги жөнүндө чечим кабыл алуунун жол-жобосун Президент аныктайт.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 78, 2026-жылдын 29-июнундагы № 95, 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)