135-берене. Моралдык залалдын ордун толтуруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VI БӨЛҮМ›17-глава. Соттун жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамсыз аракеттери менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча өндүрүш
1. Келтирилген моралдык залалды акчалай түрдө компенсациялоо жөнүндө доо жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде билдирилет.
2. Эгерде реабилитацияланганды кармоо, аны камакка алуу, кызматынан убактылуу четтетүү, ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу, реабилитацияланганды соттоо жана ага карата башка мыйзамсыз аракеттерди колдонуу жөнүндө маалыматтар басма сөздө жарыяланса, радиодон, теле көрсөтүүдөн же башка жалпыга маалымдоо каражаттарынан берилсе, анда реабилитациялангандын, ал эми ал өлгөн учурда – анын жакын туугандарынын, жубайынын талабы боюнча же болбосо соттун, прокурордун, тергөө органынын жетекчисинин, тергөөчүнүн жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча тиешелүү жалпыга маалымдоо каражаттары 30 сутканын ичинде реабилитациялоо жөнүндө билдирүү жасоого милдеттүү.
3. Реабилитациялангандын, ал эми ал өлүп калган учурда – анын жакын туугандарынын, жубайынын талабы боюнча сот, прокурор, тергөөчү 14 суткадан кеч эмес мөөнөттө адамды актаган чечимдердин кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарламаны ал иштеген, окуган же жашаган жери боюнча жиберет.