95-берене. Соттуулук жана аны жоюу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IV БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН КОЛДОНУЛУШУ›16-глава. Соттуулук жана аны жоюу
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 95-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адам соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып жоюлган учурга чейин соттолгон болуп эсептелет.
2. Коркунучтуулугу аз кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адам өкүм аткарылган учурдан баштап соттуулугу жок деп таанылат.
3. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жаза дайындалган учурда пробациялык көзөмөл бүткөн күнү соттуулугу жоюлат.
4. Кылмыш жасаган адам жазадан бошотулгандан, жазасын өтөп бүткөндөн же жазаны аткаргандан кийин төмөнкү мөөнөттөр өтсө, ал соттуулугу жок деп, ал эми соттуулугу жоюлган деп эсептелет:
1) үч жыл - анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгон учурда;
2) жети жыл - оор кылмыш үчүн соттолгон учурда;
3) он жыл - өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон учурда.
5. Соттолгондордун жана соттуулугу жоюлган адамдардын реестри мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
6. Мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, соттулугун жоюу кылмыш жасоонун кылмыш-жаза-укуктук кесепеттерин жоёт.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)