94-берене. Ырайым кылуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IV БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН КОЛДОНУЛУШУ›15-глава. Жазадан жана аны өтөөдөн бошотуунун башка түрлөрү. Жазаны жеңилдетүү жана аны жеңилирээги менен алмаштыруу
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Ырайым кылуу белгилүү бир соттолгон жеке адамга карата Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ырайым кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
2. Ырайым кылуу жөнүндө акт менен төмөнкүлөр жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) жазанын калган бөлүгүн андан ары өтөөдөн бошотуу;
2) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны 20 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу;
3) сот тарабынан пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жаза колдонулган же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган учурларды кошпогондо, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны белгилүү бир мөөнөткө кыскартуу.
3. Соттолгон адам өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Көңүлгө ала турган жаңы жагдайлар болбогондо, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга ырайым кылуу жөнүндө кайталанган өтүнүч он жыл өткөндөн кийин, ал эми белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга сот тарабынан дайындалган жазанын мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин киргизилиши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 26-февралындагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)