75-берене. Кылмышка даярдык көргөндүгү жана кылмыш жасоого аракеттенүү үчүн жазаны дайындоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IV БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН КОЛДОНУЛУШУ›13-глава. Жазаны дайындоо

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 75-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Сот аякталбаган кылмышка жазаны дайындоодо кылмыштуу ниетти ишке ашыруу даражасын жана аны аягына чыгарбаган себептерди, ошондой эле күнөөлүү адам жасаган аракеттин мүнөзүн эске алат.

2. Кылмышка даярдык көргөндүгү үчүн жазанын мөөнөтү же өлчөмү аякталган кылмыш үчүн ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренелеринде (беренелеринин бөлүктөрүндө) каралган жазанын катуураак түрүнүн эң жогорку мөөнөтүнүн же өлчөмүнүн жарымынан ашык болбоого тийиш. Мында бул жазанын эң төмөнкү мөөнөтү же өлчөмү ушул Кодексте көрсөтүлгөн жазанын ушул түрүнүн эң төмөнүнөн аз болбоого тийиш.

3. Кылмыш жасоого аракеттенүү үчүн жазанын мөөнөтү же өлчөмү аякталган кылмыш үчүн ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренелеринде (беренелеринин бөлүктөрүндө) каралган жазанын катуураак түрүнүн эн жогорку мөөнөтүнүн же өлчөмүнүн төрттөн үчүнөн ашык болбоого тийиш. Мында бул жазанын эң төмөнкү мөөнөтү же өлчөмү ушул Кодексте каралган жазанын ушул түрүнүн эң төмөнүнөн аз болбоого тийиш.

4. Кылмышка даярдык көргөндүгү же кылмыш жасоого аракеттенүү үчүн өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалбайт.