377-берене. Жасалган кылмыш жөнүндө арызды же кайрылууну каттоодон баш тартуу же жашырып коюу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›46-глава. Башкаруу тартибине каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 377-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
1. Жасалган же болбосо даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арызды же кайрылууну кызмат адамы тарабынан каттоодон баш тартуу же жашырып коюу, -
эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган олуттуу, оор залалга же өзгөчө оор залалга алып келген жосун, -
эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.