376-берене. Кызмат адамы наамды же бийликти өз эркинче ыйгарып алышы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›46-глава. Башкаруу тартибине каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 376-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Кандайдыр бир укукка жат жана ушул Кодексте каралган коомдук коркунучтуу аракеттерди жасоо менен коштолгон, кызмат адамынын наамды же бийликти өз эркинче ыйгарып алышы, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Укук коргоо органынын кызматкеринин формалык кийимин же кызматтык күбөлүгүн пайдалануу менен жасалган ошол эле жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.