369-берене. Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›45-глава. Сот актыларын жана башка аткаруу документтерин аткарууга каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 369-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Эркиндигинен ажыратуу жайынын чегинен тышкары жерге барышына кыска мөөнөткө уруксат берилген эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдын кайра кайтып келбеши, -

эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Жазаны өтөөдөн качкан учурдан тартып үч күндүк мөөнөт ичинде эркиндигинен ажыратуу жайларына же камакка ыктыярдуу кайтып келген, жазаны өтөөдөн качууну биринчи жолу жасаган адамдар ушул беренеде каралган аракет үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушат.